Казакстандын Улуттук экономика министри Руслан Давленов келерки жылы өлкөдө 90 миллион тоннага чейин мунай өндүрүү күтүлүп жаткандыгын билдирди.

Ал эми,  2024-жылга карата бул көрсөткүч 100 млн тоннага чейин өсүшү мүмкүн деп жарыялады.

Руслан Давленовдун белгилөөсүндө, 2020-жылы ички дүң өндүрүм (ИДП) 75 триллион тенге (194 миллиард доллар), 2024-жылы болсо, бул көрсөткүч 106 триллион тенгени (275 миллиард доллар) түзөөрүн айтып өттү.

Ошондой эле ал: “2020-жылга карата ички дүң өндүрүм киши башына 10,5 миң долларга жетмекчи. Ал эми, ушул эле көрсөткүч 2024-жылы 14,3 миң долларга чейин өсө тургандыгы болжолдонууда”- деп билдирди.

http://kabar.kg/tur/news/kazakistanda-petrol-uretimi-100-milyon-tona-c-kacak/