04.09.19.

Алматы областында ишке берилип жаткан күндөн энергия алуучу электростанциянын. кубатуулугу 100 МВт жетет.

Бул тууралуу  Kazpravda.kz маалымат агенттиги Алматы акимиятынын  басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.

Алматы областында, курулган  электростанцияны ишке берүүнүн алдында расмий  ачылыш аземи болуп өттү. Ал иш чарага, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Женис Касымбек. жана облустун акими Амандык Баталовдор катышышты.

Электрстанциянын курулуш иштерин жасаган компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында,  ага жалпысынан 27,7 миллиард тенге коротулган. Ал эми, областык бюжеттин эсебинен 233 млн тенгеге 220 КВт жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары курулган.

Премьер-министрдин орун басары Женис Касымбек:“Алматы областында электр энергиясына болгон таңсыктык бар. Ошондуктан, мындай долбоорлорго чоң муктаждык бар. Ал тургай мындай кубатуулуктагы күндөн энергия алуучу электростанциянын бир жылдын ичинде курулуп бүткөнүнө ишенбей да кетесин. Бүгүнкү күндө, жалпы республика боюнча, 70 даана электр кубатуулугун өндүргөн станциялар бар. Алардын 20 даанасы Алматы областында жайгашкан. Өлкөдө жылына 800 МВт электр энергиясы шамал, күн жана суунун эсебинен өндүрүлөт. Ал эми, жергиликтүү ишкерлер дагы ушундай долбоорлорду ишке ашырууга баардык күч аракеттерин жумшап келишет. Өз кезегинде, өкмөт дагы аларга өз жардамын берүүдө. Менин оюмча, бул келечеги кең долбоор болуп саналат” – деп белгилеп өттү.

Электростанцияны куруу иштерине жергиликтүү 11 куруучу компания катышкан жана 500 жумушчу орду түзүлгөн. Ал эми, курулуш иштери бүткөндөн кийин дайыма иштеп туруучу 35 жумушчу орду пайда болду. 

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/moshchnaya-solnechnaya-elektrostantsiya-zapushchena-v-almatinskoi-oblasti