18.09.19

Казакстанда үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы менен 641 километр авто жолу пайдаланууга берилмекчи.

Тагыраагы «Нур-Султан – Павлодар», «Щучинск – Зеренда», «Бейнеу – Акжигит», «Жетибай – Жанаозен», «Таскескен – Бахты», «Темиртау – Караганды» жол участоктору бүткөрүлмөкчү. Буга кошумча иретинде, «Нұрлы жол» мамлекеттик программасынын алкагында 2020-2026-жылдар аралыгында узундугу 7 миң километр болгон  жаңы жолду куруу иштери дагы пландалган.

Мындай жүргүзүлүп жаткан иш чаралар, 2025-жылга чейин өлкөдөгү маанилүү деп эсептелген авто жолдорду 100% пайызга сапатын жакшы деңгээлге жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, область, райондордун ички жолдорун  курууга мамлекеттик бюжеттин эсебинен 200 миллиард теңге бөлүнүп берилген. Ошентип 2025-жылдын аягына  чейин, өлкөнүн ички жолдорунун 95% пайызынын абалы  жакшырмакчы.

Эске сала кетсек, Казакстандын жалпы авто жолунун узундугу 95 миң километрди түзөт. Анын ичинен республикалык маанидеги авто жол 24,4 миң километр, ал эми ички авто жолдун узундугу 70,6 миң километрди түзөт. Өткөн жылы республикалык маанидеги 4,4 миң километр узундуктагы  эски авто жолу реконструкциядан өткөрүлгөн. Жогорудагы оңдоо түздөө иштерине 213 миллард тенге коротулган.

 

http://novoetv.kz/2019/09/v-kazaxstane-otkroyut-dvizhenie-na-641-km-avtodorog-do-konca-goda/