01.10.19

2019-жылдын 1-октябрь күнү Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин, Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн дипломатия өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйындын негизги максаты, мындан кийинки инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

Тараптар, үч ай мурун алгачкы ирет жолугушууда кабыл алынган чечимдердин жыйынтыктарын талкууга алышты. Биринчи жолугушууда, эң актуалдуу деп эсептелинген соода-экономикалык, инвестиция, айыл чарба, энергетика, транспорт, бажы, айлана-чөйрөнү коргоо, жергиликтүү өндүрүлгөн продукцияларды Европа биримдигинин базарларына алып чыгып сатуу сыяктуу маселелер талкууланган болучу.

Европа биримдигине кирген өлкөлөрдөн келген түз инвестициялык салымдар, Казакстанга келген салымдардын жарымынан көбүн түзөт. 2005-жылдан 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына чейин, Европа биримдиги Казакстандын экономикасына $150 миллиард доллар инвестиция салган. Мындан тышкары, Европа биримдиги Казакстандын эң ири соода өнөктөшү болуп саналат. 2019-жылдын июль айына карата алынган көрсөткүч боюнча, эки тараптын соода жүгүртүүсү дээрлик $20 миллиард долларга жеткен.

Казакстандын өкмөт башчысы, өлкөгө түз инвестиция тартуу жана соода жүгүртүүнү көбөйтүү өкмөттүн эң негизги багыттарынын бири экендигин белгилеп өттү.

 

https://www.zakon.kz/4988296-okolo-150-mlrd-investiroval-za-14-let.html