04.10.19

Казакстандын Энергетика министирлигинин берген маалыматы боюнча, 2018-жылы нефтини кайра иштетүүчү үч заводун жаңыланышы менен алардын кубаттуулугу кыйла арткан.

Тагыраагы, оңдоп түзөөдөн өткөн үч заводун, нефтини кайра иштетип чыгарган продуктусунун көлөмү  12,7 миллион тоннага жеткен. Бул көрсөткүч, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпысынан 5% пайызга көптүк кылат. Анын ичинен бензин өткөн жылга салыштырмалуу 15% пайызга, мотор майы 10% пайызга, ал эми  авиацияда колдонулуучу күйүүчү май дээрлик эки эсеге көп өндүрүлгөн.

Казакстандын Энергетика вицеминстири Махамбет Досмухамбетов: “Бүгүнкү күндө, биздин ички рынокто ашыкча безиндин (профицит) запасы пайда болду. Ошол себептен, өзүбүздүн жергиликтүү өндүрүштү колдоо максатында, өткөн жылдын июль айынан бери ЕврАзЭСтин аймагынан тышкары өлкөлөргө бензин сатууну баштаганбыз. Андан бери 36 миң тонна автобензин сатылды”-деп билдирди.

Казакстандын Энергетика вицеминстири Махамбет Досмухамбетовдун баамында, өлкөнүн нефти жана газ тармагында өнүгүү  байкалууда. Бүгүнкү күндө, нефтини казып алуу 67 миллион тоннага жетти. Анын 40,6 миллион тоннасын  үч ири деп эсептелинген кендерден өндүрүлдү. Аларга, Кашаган - 10,1 миллион тонна, Тенгиз - 22 миллион тонна, Карачаганак - 8,5 миллион тонна.

Газ өндүрүү 41,8 миллиард кубо метрге жеткен же план 102,3% пайызга аткарылган. Экспортко чыгарып  сатылуучу газдын көлөмү 24,6 миллиард кубо метрди түзгөн же план 105% пайызга аткарылган.  

Эскерте кетсек, Казакстан калкынын 50% пайызы газ менен камсыз болгон. Башкача айтканда, жалпы Казакстан боюнча, 9 миллион адамдын газды пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар. Өткөн жылдан бери, аймактарды газ менен камсыз кылуу үчүн  73 долбоор иш жүзүнө ашырылып жатат. 

https://www.kp.kz/daily/27037/4102197/