25.10.19

Түркиянын Анкара шаарында 24-октябрь күнү, Борбордук Азиянын темир жолдоруна арналып уюштурулган саммитте, контейнердик ташууларга болгон тарифтик баалар, логистикалык борборлорду түзүү,  жаңы темир жол каттамдарын ачуу жана бул тармактарда кызматташуу маселелери талкууланды.

Самитке, Түркиянын Темир жол башкармалыгынын генералдык директору Али Ихсан Уйгун, Казакстандын “Улуттук темир жолу” акционердик коомунун генералдык директору Сауат Мынбаев, Иран Ислам Республикасынын Транспорт минстиринин орун басары Саид Расули, Түркмөнстандын “Темир жол” агенствосунун вице-президентинин орун басары  Реджепмаммет Реджепмамедов, Өзбекстандын Темир жолдору директорлор советинин төрагасы Хуснитдин Хасилов катышты.  

Самит учуруда, Кытай-Казакстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран-Түркия өлкөлөрү аркылуу өтө турган  “Түштүк коридору” темир жол линиясы аркылуу ташыла турган товарлардан алынчу тарифтик баалар талкууга алынды.

Саммитте, эл аралык стандартка  ылайык жүк ташуучу вагондордун пайдаланылышы, Түркия, Иран жана Казакстандын белгилүү бир аймактарында логистикалык борборлорду куруу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Саммиттин соңунда, тараптар ортосунда Борбордук Азия темир жолдору  өз ара кызматташуу протоколуна колдор коюлду.

http://kabar.kg/tur/news/orta-asya-demiryollar-zirvesi/