28.10.19

 Нур-Султан шаарында 28-октябрь күнү, Казакстанда жасалган тик учактардын ачкычтары, Тажикстандан келген сатып алуучуларга салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Тик учактардын биринчи партиясын, жакынкы күндөрү Тажикстанга экспорттоо иштери башталмакчы.  

Бул салтанаттуу иш чарага, Казакстандык «Еврокоптер Казахстан инжиниринг» (казакстан-франция-германия биргелешкен) тик учак өндүрүүчү ишканасы жана сатып алуучу тарап катары Тажикстандын «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын өкүлдөрү катышышты.

Тажикстандык авиакомпания, сатып алып жаткан “Н125” үлгүсүндөгү тик учак, беш жүргүнчүнү алып жүрүүгө ыңгайлашкан тик учак болуп эсептелет. Сатып алуучу тарап, аны биринчи кезекте бизнес жана туризм үчүн пайдаланууну пландаштырууда.

“Сом эйр” авиакомпаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары Сухроб Жураев: “Мындай белгилүү болуп калган өндүрүүчүлөрдөн,  тик учак сатып алуу Тажикстан үчүн маанилүү болуп эсептелет. Жаңы тик учактар туризмдин, авиакомпаниянын өнүгүүсүнө кызмат кылат деп ишенем.  Келечекте "Еврокоптер Казахстан инжиниринг” компаниясы менен узак мөөнөттүү кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз” – деп билдирди. 

“Казахстан инжиниринг” компаниясынын башкаруу кеңешинин башчысы Куаныш Бишимов: “Биз ушуну менен эле токтоп калбай, тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантып, жылына 5 жана 10 даана тик учак сатууну көздөп жатабыз. Ошондой эле, Кыргызстан менен түзүлгөн келишимдерибиз бар. Алар он орундуу тик учактарыбызды сатып алууга  кызыкдар болушууда. Мындан ары биз тик учактарыбызды сатуудан тышкары, экспорттук кызмат (техникалык камсыздоо жана ремонт) көрсөтүүнү улантабыз” – деп сөзүн аяктады.

 Казакстандык “Еврокоптер Казахстан инжиниринг” КМШ жана Борбордук Азияда,  тик учактарды өндүрүп саткан жана учкучтарды орус жана англис тилдеринде окутуу менен алектенген жалгыз компания болуп эсептелет.

 https://ca-news.org/news:1574591