12.11.19

Стамбул шаарында болуп өткөн, Түркия жана Казакстандын биргелешкен экономикалык комиссиясынын (KEK) он биринчи сессиясынын жүрүшүндө  бир нече келишимдерге кол коюлду. Келишимдер эки өлкөнүн жүк ташуу жана халал продукцияларды аккредитациялоо тармагында тиешелүү болучу.

Кол коюу аземине, Түркиянын президентинин жардамчысы Фуат Октай жана Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин катышты.

Түркия менен Казакстандын ортосундагы соода-сатык көлөмүн көбөйтүү жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары дагы жакшыртуу учурдун негизги талабы болуп эсептелет. Ал эми, жогоруда кол коюлган келишимдер эки өлкөнүн соода-сатык көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүү максатында негизги ролду ойной тургандыгы күтүлүүдө.

Мындан тышкары, жалпысынан бизнес форумдун алкагында, он үч соода тармагына ал эми алтоосу корпоративдик кызматташтыка тиешелүү болгон  жалпы баасы 1,4 миллиард долларга бааланган 19 келишимге кол коюлду.

http://kabar.kg/tur/news/turkiye-ile-kazakistan-aras-nda-3-anla-ma-imzaland/