14.11.19

Казакстандын экономикасына салынган италиялык инвестициялардын көлөмү, 2005-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин 6,6 миллиард  долларды түзгөн.

Бул тууралуу, Нур-Султан шаарында жакында болуп өткөн, Казакстан-Италия бизнес-форумунда, өзгөчө тапшырмалар боюнча Казакстандын элчиси, Ерлан Хаиров Kazpravda.kz. маалымат агенттигинин кабарчысына  айтып берген.

Казакстанда, азыркы күндө италиянын капиталы менен 400 ашык компания каттоодон өткөн. Алардын  275 автивдүү иштеп жатышкандыгын белгилеп келип,  элчи Ерлан Хаиров: “Алар соода, кызмат көрсөтүү, мунай  тармактарында иш алып барып жатышат. Жалпысынан алганда, биз италиялык бизнесмендер  тарабынан чоң кызыгуу көрүп жатабыз. Эгерде жалпы статистика тууралуу айта турган болсок, Италия 2005-жылдан тарта Казакстандын экономикасына 6,6 миллиард доллар инвестиция салган. Биз биринчи өткөрүлүп жаткан Казакстан-Италия бизнес форуму, мындан ары дагы, Италиядан келүүчү түз инвестициялардын  көбөйүшүнө түрткү берет деп ишенебиз”, - деп белгилеп өттү.

Элчи Ерлан Хаиров мырзанын айтымында, 2018-жылы Казакстан сырттан жалпысынан 24 миллиард доллар инвестиция тарткан.

“Kazakh invest” компаниянын басма сөз кызматынын тараткан маалыматына ылайык, Казакстан менен Италия тышкы соода жүгүртүүсү, 2019-жылдын 8 айында 6,7 миллиард долларды түзгөн.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/italiya-investirovala-pochti-7-mlrd-dollarov-v-ekonomiku-kazahstana-za-poslednie-godi