CA-NEWS (KZ) – Казак президенти өлкө жарандарынын жашоо узактыгын көбөйтүү жана орто катмардагы жарандардын үлүшүн көбөйтүү милдетин койгондугун казак маалымат каражаттары жазып чыкты.

"Казакстан ортоңку катмар басымдуулук кылган өлкө болуп саналат. Глобалдык урбанизация процессин улай, шаарда жашоочулардын саны, калктын учурдагы 55 – 70 пайызга чейин жетет, шаар жана калк көп жайгашкан аймактарда сапатту жол, жогорку ылдамдыктагы транспорттун бардык түрлөрү, дени сак жашоо образы, медицинанын өнүгүүсу, казак жарандарынын жашоо узактыгынын 80 жаш жана андан жогору болуусуна шарт тузөт”- деди Назарбаев  элге жылдык кайрылуусунда.

Ал медициналык камсыздандыруу киргизүүнү карап чыгуу зарыл экендигин белгиледи. Иш берүүчүнүн, мамлекеттин кызматкердин ден – соолугу үчүн биргелешкен жана бир катар жоопкерчилигин баса белгилеп, бул бүткүл саламаттык сактоо системасынын негизги принциби экендигин айтты.  

“Адам өз ден-соолугуна кам көрбөсө, башка эч ким кам көрбөйт. Биз медицинадан 15-20 гана пайыз көз каранды экендигибизди мындан мурда айтып кеткенбиз, калганын баары биздин кандай жашоо образында жашагандыгыбыз, эмне жеп жана эң башкысы эмне ичкендигибизге байланыштуу. Ошондуктан спорт менен машыгуу, туура тамактануу жана күнүмдүк текшерилип туруу - оорулардын алдын алуунун  негизи болуп саналат”, - деди Президент.

 Буга чейин айтылган Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 2015 - жылында казакстандыктардын жашоо узактыгы, орто эсеп менен 70 жыл экендиги айтылган. Божомолдорго ылайык  акыркы жылдарда, республика боюнча адам өмүрүнүн орточо узактыгы 2,5 жылга (- 67,11 жыл 2012-жылы - 2008-жылы 69.61 жыл) өсүшү күтүлөт.