20.11.19

Казакстандын борбор шаары Нур-Султанды жана өлкөнүн борбордук жана түндүк аймактарын газ менен камсыз кылуу үчүн жылына кубаттуулугу 2,2 миллиард кубо метрди түзгөн, курулуш иштери 2018-жылы башталган “Сарыарка” газ  кууру аяктоо алдында турат.

Бул тууралуу, Казакстан Республиканын энергетика вице-министри Мурат Журебеков билдиргенин Kazpravda.kz  маалымат агенттиги жазып чыкты.

Мурат Журебеков: “Газ өткөргүч түтүктөрүн жана беш автоматташтырылган газ бөлүштүрүүчү станцияларды, газ өлчөөчү станцияларды жана башкаруу пунктун куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жалпысынан иштер график боюнча жүрүп, быйылкы жылдын декабрь айында, бардык объектилердин курулушу жыйынтыкталат. Газ куурун 2019-жылдын 31-декабрь күнү пайдаланууга берүү  пландаштырылган”, - деп билдирди.

Вице-министрдин айтымында, курулушта болжол менен 1 700 адис жана 1000 даана атайын техника иштеп жатат. Газ өткөргүч түтүкчөлөрүнүн 100% пайызы же 1061,3 километр узундукта жерге төшөлүп бүткөрүлгөн. Анын  961 километрге  чейинки түтүкчөлөрү текшерүүдөн өттү. Жалпысынан, магистралдык “Сарыарка” газ кууру бүткөрүлсө, 171 калктуу конуштарды жана Нур-Султан шаарын көгүлтүр от менен толук камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары,  борбордун жана башка калктуу конуштардын экологиялык абалын жакшыртмакчы.

“Сарыарка” магистралдык газ  куурун куруу иштерине жалпысынан  267,3 миллиард теңге акча каражаты сарпталган.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/nazvana-tochnaya-data-vvoda-gazoprovoda-sariarka