29.11.19

Казакстандын борбору Нурсултан шаарында болуп өткөн, “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн интеграциялык алакарын күчтөндүрүү” аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Бул иш чарага, Евро биримдиктин (ЕБ) Казакстандагы элчиси Свен-Олов Карлссон, Казакстандын Тышкы иштер минстринин орун басары Роман Василенко, жана Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандан өкүлдөр катышты.

Евро биримдиктин (ЕБ) Казакстандагы элчиси Свен-Олов Карлссон мырза, конференциянын алкагында уюштурулган жыйында, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн иш биримдигинин күчтөндүрүү аркылуу, алардын экономикалык потенциалын арттырып, орток проблемалардын чечилишин жеңилдетүүгө жол ачаарын белгиледи.   Ал эми, бөлүнүп жаткан 28 миллион евро каражатынын 15 миллиону  Борбордук Азиядагы эл аралык соода жүгүртүү тармагына, 8 миллиону мыйзамдуулукту сактоо прициптерин жакшыртууга, 5 миллиону “Борбордук Азия – Инвест” долбоорун каржылоого коротулмакчы.

Эске сала кетсек, жогоруда аталган үч багыт боюнча келе жаткан жылдын башында ишке ашырылып баштамакчы. Белгилей кетчү нерсе, Евро биримдиктин (ЕБ) 2019-жылы июнь айында Борбордук Азиядагы өлкөлөр тууралуу кабыл алган жаңы стратегиясынын алкагында жасалып жатат.

https://www.trtavaz.com.tr/haber/tur/avrasyadan/abden-orta-asya-ulkelerinde-28-milyon-avro-degerinde-proje/5ddfae8e01a30a2748742328