06.12.19

Казакстандын Энергетика министринин орун басары Асет Магауловдун айтымында, январь-ноябрь айлары аралыгында өлкө 65 миллион тонна нефтини сырттка  экспорттогон.

Асет Магаулов, Казакстан өкмөтүнүн аппаратына тиешелүү пресс-борбору уюштурган пресс-конференцияда сүйлөп жатып, жалпысынан өлкө боюнча, 2019-жылдын 11 айында 82,5 миллион тонна нефти өндүрүлгөндүгүн билдирди. Ошондой эле ал ушул жылдын аягына чейин, бул көрсөткүч 90,5 миллион тоннага жетээрин  кошумчалай кетти.

Өндүрүлгөн нефтинин 60 % пайызы “Тенгиз”, “Кашаган” жана “Карачаганак” кендеринен  казылып алынгандыгын билдирди.

Казакстандын Энергетика министринин орун басары Асет Магаулов, бул жылы сырттка 70,5 миллион тонна нефтини экспорттко чыгаруу пландалганын белгилеп өттү. Анын айтымында, жылдын аягына чейин өлкө ичинде 17 миллион тонна нефти кайрадан иштетилмекчи.

Эскерте кетсек, Казакстанда 2023-жылы нефти өндүрүүнүн көлөмү 100 миллион тоннага жетүүсү күтүлүүдө.

http://www.hurriyet.com.tr/ekonomi/kazakistan-11-ayda-65-milyon-ton-petrol-ihrac-etti-41391296