13.12.19

2019-жылдын 11 айынын ичинде, Казакстандын республикалык бюджетинин таза кирешеси 6 триллион теңгени (15,5 миллиард доллар) түзгөн. Бул тууралуу, Казакстан Республикасынын Финансы министри Алихан Смаилов өкмөттүн жыйыны учурунда  билдирди.

Алихан Смаилов: “11 айдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин кирешеси төмөнкү көрсөткүчтөр менен мүнөздөлөт.  Пайыздык көрсөткүч менен алып караганда, мамлекеттик бюджеттин кирешелери 101,3% пайызга, республикалык бюджет 100,3% пайызга  жана жергиликтүү бюджеттер 104,1% пайызга пландан ашык аткарылды. Республикалык бюджеттин таза кирешеси 6 триллион 219 миллиард (15,5 миллиард доллар) теңгени түздү”, - деп белгилеп өттү.

Финансы министри Алихан Смаиловдун айтымында, кирешелердин көбөйүшүнө эл аралык соода салыктары жана бажылык башкаруунун жакшыруусу таасир эткен. Өткөн 2018-жылдын январь - октябрь айларына салыштырганда, 2019-жылдын ошол эле мезгилинде товар өндүрүү жана кызмат көрсөтүү тармактарында өсүш динамикасы  байкалган. Аларга, курулуш  тармагы 112,7 % пайызга, соода тармагы 107,5 % пайызга, транспорт тармагы 105,6 % пайызга, байланыш тармагы 104,5 % пайызга, өнөр жай тармагы 103,5 % пайыздык өсүш көргөзгөн.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/bolee-6-trln-tenge-sostavil-chistii-dohod-respublikanskogo-budzheta-v-2019-godu