17.12.19

Казакстандын Кызылордо облусунун Шиелий районунда 50 мегаватт кубаттуулуктагы күндөн энергия алуучу электростанциясы ишке киргизилди.

Эксперттердин баамында, жаңы крулган бул станция, Казакстандын түштүк аймагындагы эң кымбат бааланган  “жашыл экономика” долбоорунун  бир  бөлүгү болуп калмакчы. Облустун акимиятынын маалыматы боюнча, электр станциясы 150 гектар аянт жерди ээлеп турат жана курулушуна 23 миллиард теңге (59,7 миллион доллар) акча каражаты сарпталган. Күндөн энергия алуучу электростанция болжол менен 150 миң фотоэлектрикалык панелдерден, 14 борбордук инвертордук электр станциялардан жана бир подстанциядан турат. Ошондой эле, 23 адам жаңы жумушчу орду менен камсыз болушкан. Кызылордо облусунун акими Куанышбек Искаков: “Күндөн энергия алуучу станциянын ишке киргизилиши, өлкөдө табияттан алынуучу энергия булактарынын үлүшүн көбөйтүүгө, “жашыл” технологияга өтүүгө багытталган чоң кадам болуп саналат”- деп белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, Казакстандын Алматы облусунда шамалдан жана күндөн энергия алуучу бир нече электр станциялары буга чейин курулган болучу. Алардын бири, Енбекшиказак районун Нурлы шаарчасынын жанында жайгашкан шамалдан энергия алуучу, 5 мегаватт кубаттуулуктагы электр станциясы болуп эсептелет. Мындан тышкары,  облустун “инновациялык технологиялар паркында”  курулган 1 мегават кубаттуулуктагы күндөн энергия алуучу станция иштеп жаткан учуру.

https://www.kp.kz/daily/27069/4138207/