18.12.19

Казакстандын "КазАвтоПром" унаа жасоочу ишканаларынын биримдиги, 2019-жылдын 11 айынын аралыгында жалпы  республика боюнча, автомобил өндүрүү боюнча маалымат берди.

Берилген отчеттун жыйынтыгы боюнча, Казакстанда 45, 208 даана унаа транспорттук каражаттары  (анын ичинде жеңил жана жүк ташуучу унаалар, жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустар) өндүрүлгөн. Анын жалпы баасы 312,5 миллиард теңге () акча каражатына барабар болот.

2019-жылдын 11 айында, Казакстанда чыгарылган унаалардын ичинен  Lada (13, 463 даана), Hyundai (13, 051 даана), KIA (3, 173 даана), Ravon (2, 476 даана) жана JAC (957 даана) маркасындагы автомобилдер сатылган жана аларга жогорку суроо талаптар болгондугу байкалган. Мындан тышкары, Казакстандык автомобил өндүрүүчү ишканалардын тизмесине “Skoda”, “Chevrolet”, “UAZ” жана “Peugeot”  маркаларындагы унаалары дагы кирет.

Казакстандын "КазАвтоПром" унаа жасоочу ишканалар биримдигинин, стратегиялык пландаштыруу боюнча директору Артур Мискарян: “Казакстанда өндүрүлгөн унааларга карата суроо-талаптар, бул жылы дагы жогору болду. Биздин эсептөөлөр боюнча, 2019-жылдын 12 айынын жыйынтыгы менен өндүрүлгөн унаалардын саны 50 миңге жетет деп турабыз. Мындай көрсөткүч, кризиске чейинки абалдан дагы мыкты болгондугун айткым келет. Өткөн жылга салыштырмалуу 2019-жылдын  11 айында автомобил өнөр жайы 64% пайызга өсүш көрсөттү. Менимче, унаа өндүрүшү өлкөнүн экономикасынын  тез өнүгүп жаткан тармагы болуп эсептелет. Унаа өндүрүшүнүн ички дүң өндүрүмгө кошкон (ИДП) салымы 312,5 миллиард теңгеге (814, 397 миллион доллар) жетти”, - деп белгилеп өттү.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/podvedeni-predvaritelnie-itogi-goda-v-avtoprome-kazahstana