24.01.20

Казакстанда 2020-жылы болжол менен 430 миң жумушчу орун түзүлөт. Бул тууралуу, Казакстан өкмөтү өткөргөн жыйында өкмөт башчысы Аскар Мамин билдирди.

Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин: “Казакстан өкмөтүнүн үстүбүздөгү жылы  приоритеттүү багыттарынын бири, жаңы жумшчу орундарын түзүү болуп эсептелет. 2020-жылы экономика тармагында 430 миң жаңы жумушчу орундары  түзүлмөкчү” – деп билдирди.

Өкмөт башчысынын айтымында, 2020-жылы өлкөдө бир нече инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүүдө. Бул долбооролордун көпчүлүгү, товар өндүрүү жана кызмат көрсөтүү тармагында жаңы  технологиялык багытка өтүүнү камсыз кылмакчы. Мындай кадамдар, кызмат көрсөтүүнүн өндүрүмдүүлүгүн киши башына 8,2 миллион тенге (21,5 миң доллар) чейин артырмакчы. Ал эми, 2019-жылы бул көрсөткүч киши башына 7,4 миллион тенге (19,4 миң доллар) түзгөн. Кызмат көрсөтүүнүн негизги булактары болуп, туризм, соода, курулуш жана кайра иштетүүчү тармактары болмокчу.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/bolee-400-tisyach-novih-rabochih-mest-sozdatut-v-kazahstane-v-2020-godu