03.02.20

Казакстандын Түркестан облусу айыл чарба продуктуларын өндүрүү боюнча алдынкы орунга чыккан. Ал эми, жалпы өлкө боюнча айыл чарбанын ички дүң өндүрүмү (ИДП) 0,9%  пайызга өскөн. Бул тууралуу Kazpravda.kz  маалымат агенттиги  Finprom.kz.  сайты тараткан билдирүүгө таянып жазып чыкты.

 2020-жылдын январь айында, жалпы Казакстан боюнча айыл чарба продуктуларын өндүргөн 17,4 миң юридикалык жактар каттоодон өтүшкөн. Айыл чарба тармагында иш алып барган компаниялардын жылдык өсүшү 5,3% пайыз көрсөткүчкө жеткен.

Мындан тышкары, 1,6 миллион жеке жана  219,4 миң дыйканчылык жана фермердик (жылдык өсүш 8,1% пайыз) чарбалар каттоодон өтүшкөн.

Жогоруда каттоодон өткөн чарбалардын басымдуу бөлүгү Түркестан, Акмола, Алматы обулустарында жайгашкан. Булардын ичинен ийгиликтүү иштеп жаткан дыйканчылык жана фермердик чарбалардын  эң көбү Түркестан, Алматы, Жамбыл обулустарына тиешелүү болуп эсептелет.

Эскерте кетсек, өткөн 2019-жылдын январь–декабрь айлары аралыгында, жалпы өлкө боюнча 5,2 триллион теңгеге (13,4 миллиард доллар) бааланган айыл чарба  продуктусу өндүрүлгөн.  Казакстан боюнча алдыңкы орунга,  Алматы облусу 852 миллиард тенге (2,2 миллиард), Түндүк-Казакстан облусу 631,9 миллиард тенге  (1,6 миллиард доллар) жана Түркестан облусу 627,5 миллиард тенге (1,6 миллиард доллар) чыгышкан.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/turkestanskaya-oblast--lider-po-kolichestvu-deistvuushchih-proizvoditelei-produktsii-apk