Караганда облусунун Каркалинский районунун архивинде кымыздын баалуулугу жөнүндө биринчи илимий изилдөө табылгандыгын  казак маалымат каражаттары билдирди. Кымыздын пайдалуу касиеттери жөнүндө диссертациянын автору угуучу Томск Императордук Университетинин биринчи казак доктору Амире Айтбакин. Илимий иш 1896- жылы 120 жыл мурун жазылган.

Амире Айтбакин, канттын, алкоголдун, кислотанын, белоктун курамынын, минералдык заттардын жана башка пайдалуу элементтердин кымыздагы катышын аныктап, жана ичимдиктин дарылык касиеттери бар экенин өзүнүн ишинде жазган.

Диссертация Каркалинский районунун  музейинде сакталып турат.

“Азыркы убакытка чейин кымыздын мекени кайсыл жер болгондугу тууралуу талаш-тартыш болуп келет. Көптөгөн улуттар кымыздын автору болууну каалашат. Жок дегенде азыр, бул илимий ишти ким биринчи изилдегенин билебиз. Бул – Амире Айтбакин”- деп Каркалин районунун мамлекеттик архивинин директору Манарбек Карим белгилеп өттү.