05.02.20

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөт башчысынын орун басары Роман Скляр менен жолугушту. Бул тууралуу,  “Акорды” маалымат сайты жазып чыкты.

Роман Скляр Казакстандын авиация тармагында “ачык асман” эрежесин түзүү иштер тууралуу айтып берди. Өкмөт башчысынын орун басары Роман Склярдын айтымында, 2020-жылы Катар, Польша, Оман, Белорусия, Малайзия, Румыния, БАЭ, Кувейт өлкөлөрүнүн белгилүү авиакомпаниялары тейлей турган 14 жаңы аба каттамдарынын ачылышы күтүлүүдө деп билдирди.

Ошондой эле Швейцариянын, Түштүк Кореянын, Сингапурдун, Латвиянын, Литванын авиациялык компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын белгилеп кетти.

Премьер-министрдин орун басары эскерткендей, 2019-жылы жаңы 12 авиамаршрут ачылган. Аларга, Казакстандын борбору Нурсултандан  Прага, Улан-Батор жана Токио шаарларына болгон авиакаттамдар кирет.

Касымарт-Жомарт Токаев тийиштүү мамлекеттер менен өлкөнүн авиакаттамдарын кеңейтүү боюнча активдүү ишти улантууну, ошондой эле Казакстандын негизги аэропорттору аркылуу жүк ташууну өнүктүрүү үчүн бир нече көрсөтмөлөрдү берди.

Президент авиациялык чөйрөдө атаандаштыкты күчөтүү маанилүү экендигин, ал жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына жана жалпы жарандык авиацияны өнүктүрүүгө жакшы таасирин тийгизерин белгилеп өттү.

https://informburo.kz/novosti/roman-sklyar-dolozhil-prezidentu-o-rabote-po-vvedeniyu-rezhima-otkrytogo-neba-v-kazahstane-101831.html