12.02.20

Борбор калаада жеткиликтүү турак жайлардын курулушунун көлөмү 3 эсеге жогорулайт. Бул жөнүндө, Нурсултан шаарынын акими Алтай Кульгиновдун жергиликтүү калк менен болгон жолугушуу учурунда  белгилүү болду.

Акимияттын берген маалыматына ылайык, 2020-жылы, жалпы аянты 500 миң квадрат метр (8 миң квартира) болгон жеңилдетилген баадагы турак-жайдын курулушу пландалган. Ал эми, 2021-жылы 8,500 миң батир пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

Баш калаанын акими Алтай Кульгинов: "Турак жай маселеси башкы жана өтө зарыл багыттардын бири болуп эсептелет. Азыр 48 миң адам жеңилдетилген турак жай алуу үчүн кезекте турат. Булар аз камсыз болгон, биринчи жана экинчи топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ата-энесинин камкордугу жок калган балдар, көп балалуу үй-бүлөлөр, полиция жана медицина кызматкерлери болуп эсептелишет” – деп билдирди жолугушуу учурунда.

Өткөн жылы, кезек күткөн жарандардан 2,900 адам батир алышкан. Алардын ичинен, 1,050 адам учурда иштеп жаткан жаштар болушкан. Нурсултан шаарынын башчысы Алтай Кульгинов: "Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча үстүбүздөгү жылы арзан турак жайды куруунун көлөмүн 3 эсеге көбөйтөбүз 10 миң жаңы жеңилдетилген баадагы  батирлердин курулуш иштери  башталат. 2020-жылдын аягына чейин, 8 миң батирдин курулушун бүтүрөбүз. Булардын баары  арзан турак жайлар болот" – деп сөзүн аяктады  аким.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/v-nur-sultane-obem-stroitelstva-dostupnogo-zhilya-uvelichat-v-3-raza