14.02.20

Казакстан жана Өзбекстан биргелешкен туристтик каттам ачат. Бул тууралуу Өзбек телеграфтык агенттиги (ӨзТА) жазып чыкты.

"МИР 24" телеканалынын тараткан маалыматы боюнча, Казакстан жана Өзбекстан биргелешкен "Алтын квадрат" туристтик каттамын ишке киргизүүдө. Ага Алматы, Нурсултан, Самаркан жана Түркстан сыяктуу белгилүү байыркы шаарлар кирмекчи.
Өзбекстандын Казакстандагы Маданият жана туризм боюнча элчиси Лаззат Аханованын айтымында, туристтер барган шаарлардын маданияты, ашканасы, тарыхы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Орточо алганда, туристик каттамдын программасы беш күндөн жети күнгө чейин созулмакчы.

Белгилей кетсек, март айында "Алтын квадрат" туристик каттамы боюнча биринчи маалыматтык сапар өткөрүү пландалууда. Бул сапарга, туроператорлор жана жумушчу топ катышат. Алар, туристтик турга коротула турган билеттин акчалай баасын аныкташмакчы. Бул каттам, жыл сайын 20 миллион туристтерге чейин кабыл алган, Россиянын "Алтын шакек" аттуу туристик каттамынын аналогу болмокчу.

https://uztag.info/ru/news/kazakhstan-i-uzbekistan-otkroyut-turisticheskiy-marshrut