20.02.20

2019-жылы Өзбекстан Казакстанга 10,000 тонна кийим экспорттогон. Бул тууралуу, жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Өткөн жылы, Казакстан жалпысынан чет өлкөдөн 670,6 миллион долларга (62 000 тонна)  жеңил өнөр жай продукцияларын сатып алган. Бул продукциясын дээрлик 50% пайызы Кытайдан келген. Тагыраак айтканда, Кытай Казакстанга 181,8 миллион долларга жеңил өнөр жай товарларын экспорттогон.

Экинчи орунду Россия ээлеп Казакстанга 195 миллион долларга (10,5 миң тонна) товар саткан. Ал эми, Өзбекстан 2019-жылы Казакстанга кийим жана өнөр жай продуктуларын сатуу боюнча үчүнчү орунду ээлеген. Өзбекстан дагы дээрлик Россия өлкөлсү сыяктуу эле 10 миң тонна өлчөмүндө товарын саткан. Бул өлкөлөрдөн тышкары Түркия, Бангладеш, Белоруссия жана башка өлкөлөр дагы өздөрү өндүргөн товарларын Казакстанга экспорттошкон.

https://centralasia.media/news:1598101