21.02.20

Казакстандын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги уюштурган  жыйында,  биринчи вице-министри Айдарбек Сапаров билдирүү жасады. Анын айтымында,  Казакстанда 55 өнөр жай сүт фермаларын куруу, сүт багытындагы  мал чарбачылыгына арналган программанын пландаштырылган көрсөткүчнө жетүүгө мүмкүнчүлүк түзмөкчү.

Биринчи вице-министр Айдарбек Сапаров билдирүү жасап жатып: "Импортту азайтуу максатында мал чарбасын өнүктүрүү программасы ишке ашырылууда. Алсак, 2019-жылы 30 даана сүт өндүргөн фермалар жалпысынан 7,5 миң мал башы жана акчалай жардам менен камсыздалган. Сүт өндүрүүгө багытталган программанын көрсөткүчтөрүнө жетүү үчүн 2020-жылы 25 сүт өндүрүүчү фермалар жана 30 даан үй-бүлөлүк сүт  өндүрүүчү фермаларды түзүү керек. Бул фермалардагы ири мүйүздүү малдын башынын жалпы саны  15 миңден кем болбошу керек" - деп билдирди.

Мындан тышкары, вице-министр өнүктүрүү программасынын алкагында үй канаттууларынын этинин импортун азайтуу үчүн өндүрүштүн көлөмүн мындан ары жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алуу зарыл экендигин белгилеп келип: "2019-жылдын жыйынтыгы боюнча, канаттуулардын этинин импортунун үлүшү 45,3% пайызды түзсө, 2018-жылы  49% пайызды түзгөн. Импорттун үлүшүнүн 2019-жылы азайышынын негизги себеби, Акмоло облусунда жайгашкан "Макинская канаттуулар фабрикасы” ишке киргизүү (25 миң тонна өндүргөн) болгон. Ошондой эле Жамбыл облусунда буга чейин иштеп келген "Аулие Ата Феникс" тоок  фабрикасын кеңейтүү менен ишке ашырылды”, – деп сөзүн аяктады.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/poryadka-55-molochnih-ferm-planiruut-zapustit-v-kazahstane-v-2020-godu