02.03.20

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Сума Чакрабартини кабыл алды. Бул тууралуу, "Казинформ" маалымат агенттиги  жазып чыкты.

Өкмөт башчы Аскар Мамин: "Акыркы 27 жыл аралыгында, Казакстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылык, энергетика, айыл чарбасы, IT-технологиялар жана коммуналдык кызмат тармактарында 271 даана долбоорго салган инвестициясынын көлөмү $9 миллиард долларды ашкан. Ошондой эле, чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүүгө колдоо көргөзүп келет" - деп билдирди жолугушуу учурунда.

Эки тараптын ортосунда, 2019-жылы 29 долбоорду ишке ашыруу жөнүндө Казакстандын  өнөр жай, транспорт, энергетика, айыл чарба, каржы жана башка тармактарында $750 миллион доллардан ашуун каражатка бааланган келишимдерге кол коюлган.

Тараптар, Казакстандын саламаттыкты сактоо тармагынын инфраструктурасын модернизациялоонун комплекстүү программасын ишке ашыруунун жолдорун талкуулашты. Мисалы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы  Кызыл-Ордо, Костанай, Тараз, Атырау, Кокшетау, Павлодар, Алматы шаарларында жаңы көп профилдүү ооруканалардын курулушун каржылоого катышууну пландаштырууда.

Aскар Мамин жана Сума Чакрабарти жогорудагы маселелерден сырткары, Казакстанда ири долбоорлордон болуп эсептелген, Алматы чоң айланма автомобиль жолун курууну ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

https://forbes.kz/news/2020/03/02/newsid_220230