11.03.20

Казакстандын Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов Казакстан жана Өзбекстандын чек арасында "Борбор Азия" соода-экономикалык кызматташтыгы эл аралык борборунун курулушун баштоонун алдында турат.

Казакстандын Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов: "Жакында биз эл аралык "Борбордук Азия" соода-экономикалык кызматташтык борборун Өзбекстан менен чектешкен чек ара аймагыбызда курулуш ишин баштайбыз. Бул тууралуу, мамлекет башчыларынын деңгээлинде эки жыл мурун келишим түзүлгөн. Ал эми, конкреттүү чараларды менин кесиптешим Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен талкууладык" - деп билдирди.

Бахыт Султанов, "Борбор Азия" соода-экономикалык кызматташтыгы эл аралык борбору, Борбор Азия аймагындагы соода кооперациясынын маанилүү элементи экенин баса белгилеп келип: "Борбордук Азия бүгүн 71 миллиондон  ашуун калкы бар  динамикалуу аймак. Борбор Азияда жайгашкан өлкөлөр бири-бирине өндүргөн товарларын сатууда чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул чөлкөмдө жайгашкан өлкөлөр буга чейин бири-бири менен активдүү кызматташып келет.

2019-жылдын жыйынтыгы менен Казакстандын башка Борбордук Азия өлкөлөрү менен болгон өз ара соода жүгүртүүсү  $5,1 миллиард долларды түздү. Казакстандын бул аймактагы ири соода өнөктөшү Өзбекстан болуп саналат. Казакстандын Борбордук Азия өлкөлөрү менен болгон соода алакарынын 60%пайызы Өзбекстанга туура келет. Жогоруда белгилеп өткөндөй, эки өлкөнүн өз ара соода жүргүртүүсү өткөн 2019-жылы 4 миллиард доллардан ашып 5 миллиард долларга жакындап келиши, мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө үмүт берет.

Жакынкы жылдары, "Борбор Азия" соода-экономикалык кызматташтыгы эл аралык борбору, эки мамлекеттин ортосундагы товар алмашуу, кызмат көрсөтүүнү эки эсеге көбөйтүүгө  шарт түзүп бермекчи" - деп билдирди.

https://uztag.info/ru/news/kazakhstan-i-uzbekistan-nachinayut-stroitelstvo-tsentra-torgovo-ekonomicheskogo-sotrudnichestva