CA-NEWS (KZ)- Казакстандын уран өндүрүүсү жыл жыйынтыгы боюнча 22 миң тоннаны түзөт деп билдирди өлкөнүн энергетика министри Канат Бозумбаев.

Дүйнө жүзүндө уран өндурүү боюнча биринчи жана анын запасы боюнча экинчи орунда турган Казакстан 2017-жылы өндүрүүнү 22 миң тоннага чейин азайтат. Бул көрсөткүч 2016-жылы 24 миң тоннаны түзгөн.

Дүйшөмбү күнү өткөн басма сөз жыйынында Канат Бозумбаев жыл жыйынтыгы боюнча уран өндүрүү 22 миң 150 тоннаны түзгөндүгүн белгиледи.

“Казатомпром” акционердик коому жана анын биргелешкен ишкана боюнча өнөктөштөрү 2017-жылдын башында чийки затка болгон эл аралык бааларды калыбына келтирүү үчүн уран өндүрүүнү азайтуу чечимине келишкен. Баалар 47% га төмөндөгөн.

Буга чейин Бозумбаев Казакстан өндүрүүчү эффективдүү технологияларга ээ болгондугу үчүн өндүрүүнү көйгөйсүз жогорулата алат деп айткан. “Бирок биз жоопкерчиликтүү ири өндүрүүчү катары конъюнктураны эске алышыбыз керек себеби, бааны түшүрүп өзүбүзгө жана өнөктөштөрүбүзгө зыян келтирип алуубуз мүмкүн. Ошондуктан сак болушубуз керек” деди министр.

Казакстан 2009-жылдан бери уран өндүрүүдө дуйнөлүк лидер болуп саналат. Акыркы он жыл ичинде өндүрүү көлөмүн алты эсе жогорулатты, ошол эле учурда анын жакынкы атаандаштары Канада жана Австралиянын өндүүрүсү ордунда калган же бир аз төмөндөгөн. Кытай Казакстан уранынын эң негизги импортеру 50% пайыздан  ашуун бөлүгүнө ээ.