16.03.20

Казакстан Республикасынын Айыл чарба министри Сапархан Омаров 16-март күнү жыйын өткөрүп, ата мекендик айыл чарба азыктары менен ички рынокту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Айыл чарба министри Сапархан Омаров:"2020-жылы, заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен 25 даана сүт өндүрүүчү чарбаларын куруу, 3 даана эт комбинатын, 8 даана канаттуулар фабрикасы жана 2 миң гектар жер аянтына Жамбыл облусунда кант комбинатынын курулушу башталат. Өткөн жылы, ушул долбоорлорду даярдоо иштери жүргүзүлүп, конкреттүү инвесторлор аныкталып жана азыркы учурда каржылоо маселеси чечилүүдө"- деп билдирди.

Айыл чарба министринин айтымында, азыркы учурда өлкөдө жылына  5,8 млн тонна сүт өндүрүлөт. Жыл сайын 25 даана сүт өндүрүүчү фермаларды ишке киргизүү менен сүт өндүрүүнү көбөйтүү пландаштырылууда. Мындай чаралар жылына 120 миң тоннага чейин кошумча сүт өндүрүүгө жана 1,25 миң жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле канаттуулардын эти менен өлкөнү камсыздоо үчүн жалпы кубаттуулугу 200 миң тонна этти өндүрүүчү фабрика курулмакчы.  2024-жылга карата алма өндүрүүнүн көлөмүн кошумча дагы 105 миң тоннага жогорулатуу үчүн 12,5 миң гектар аянтка алма бактарын отургузуу  каралган.

Жамбыл жана Павлодар облустарында кубаттуулугу  жылына 216 миң тонна кант өндүрүүгө ылайыкташтырылган эки жаңы завод ишке (азыркы учурда, өлкө ички рыногун 14% пайыз камсыздайт) берилмекчи.

Кубаттуулугу 45 миң тоннага жеткен этти кайра иштетүүчү 3 даана завод ишке берилүү алдында турат. 2024-жылга карата колбаса   продуктулары менен  ички рынокту камсыздоо 100% пайызга жеткирүү (азыркы учурда, өлкө ички рыногун 62% пайыз камсыздайт)  каралган.

Балык өстүрүү жана балыкты кайра иштетүүчү 5 даана ишкана  модернизациядан өтүп  кубаттуулугун жылына 10 миң тонна эт өндүрүүгө чейин (азыркы учурда, өлкө ички рыногун 61% пайыз камсыздайт)    жогорулатылган.

https://kaztag.kz/ru/news/narashchivat-proizvodstvo-moloka-myasa-ptitsy-yablok-i-sakhara-namereny-v-kazakhstane