01.04.20
Казакстандын өкмөтү коронавируска каршы күрөшүүгө 23 миллиард теңгеден ашык акча сарптаган. Бул тууралуу, Казакстан Республикасынын Маалымат жана коомдук ынтымак министри Даурен Абаев билдирди.

Даурен Абаев: "Коронавирус менен күрөшүү үчүн мамлекеттик резервден коронавируска каршы күрөшүүгө каражат үч жолу бөлүнгөн. 29-январь күнү биринчи транш менен 1,609 миллиард теңге, 21-февралда кошумча 428.227 миллион теңге бөлүнгөн, үчүнчү жолу өкмөт 25-мартта резервден 21.43 миллиард теңге бөлүп берген" - деп билдирди.
Анын айтымында, бул каражаттар дары-дармектерди, медициналык керектүү буюмдар, лабораториялык жабдуулар, маскалар, кол каптар, коргоочу костюмдар жана тест системаларын сатып алууга жумшалган.
Мындан тышкары, медициналык тез жардам көргөзүү, дезинфекциялык каражаттарды сатып алуу, коронавируска каршы күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине үстөк акыларды төлөп берүүгө жумшалууда деп билдирип өттү министр.
https://kaztag.kz/ru/news/svyshe-t23-mlrd-potratili-na-borbu-s-koronavirusom-iz-rezervov-pravitelstva-rk