08.04.20
Казакстанда 2020-жылы дан эгиндеринин жалпы аянты 22,5 млн гектарды түзмөкчү. Бул тууралуу, Казакстандын Айыл чарба министринин биринчи орун басары Айдарбек Сапаров онлайн-брифинг учурунда билдирди.

Айдарбек Сапаров: "2020-жылы дан эгиндеринин жалпы аянты 22,5 миллион гектарды түзөт. Мамлекет башчысынын берген тапшырмасына ылайык, айдоо аянттарын диверсификациялоо жана жогорку рентабелдүү өсүмдүктөрдү өндүрүүгө өтүү боюнча иштер улантылууда", - деп белгилеп өттү. Айдарбек Сапаровдун айтымында, бүгүнкү күнгө чейин 2,5 миллион тоннага жакын үрөн себүүгө даярдалган. Бул үрөнгө болгон өлкөнүн муктаждыгын толугу менен камсыз кыла алат.
Айдарбек Сапаров: "Казакстандын бардык облустарынын жергиликтүү бюджеттерине үрөн чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан 11,3 миллиард теңге субсидия каралган. Республикалык бюджеттен кошумча ирээтинде 29,4 миң тонна үрөн сатып алууга кошумча 2,5 миллиард теңге бөлүнгөн. Жогорку түшүм алууда минералдык жер семирткичтерди пайдалануу өзгөчө маанилүү ролду ойнойт. 2020-жылга карата облустардын жергиликтүү бюджеттерине 23,3 миллиард теңге каралган. Бул каражатка 480 миң тоннага жакын минералдык жер семирткичтерди сатып алууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда, 54 миң тоннага жакын жер семирткичтерди фермерлер сатып алуусу үчүн республикалык бюджеттен 2,8 миллиард теңге бөлүнгөн» - деп кошумчалап өттү минстрдин орун басары.
Ошондой эле республикалык бюджеттен зыяндуу отоо чөптөрдү жок кылуучу дары-дармектерди сатып алуу үчүн 5,6 миллиард теңге суммасында кошумча каражат бөлүнгөн.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/obshchaya-posevnaya-ploshchad-selhozkultur-v-etom-godu-sostavit-225-mln-ga