07.04.20
Казакстан Республикасынын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Магзум Мирзагалиев өкмөттүн кезектеги өткөргөн жыйынында, айыл чарбасынын суугат тармагынын инфраструктурасын модернизациялоо жана кеңейтүү үчүн жасалып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу, Kazpravda.kz маалымат агенттиги жазып чыкты.

Магзум Мирзагалиев: "Казакстанда 2020-2021-жылдары 6,785 чакырым узундуктагы канал, 4 даана суу сактагыч көлмөсү, 239 даана вертикалдуу дренаждык скважина жана 23 миңге жакын суу объектилери реконструкцияланат" - деп билдирди.
Мындан тышкары, минстрдин айтымында 88 миң жумушчу орун түзүлөрүн, анын ичинде курулуш жана оңдоо иштери учурунда 11 миң жана 77 миң туруктуу жумушчу орундары пайда боло тургандыгын айтып кетти.
Казакстан Республикасынын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Магзум Мирзагалиев, жаңы суу сактагычтарды куруу аркылуу кошумча сугат булактарын түзүү керек экендигин белгилеп келип: "2030-жылга чейин Акмола, Актөбө, Караганда жана Жамбыл облустарында 28 даана суу резервуарынын курулушу пландаштырылууда. Аларда топтолгон суунун көлөмү 3,8 куб метрди түзмөкчү. Мамлекет башчысы дагы өз кайрылуусунда сугат жерлердин аянтын 3 миллион гектарга жеткирүү тапшырмасын берген болучу. Суу сактагычтарды куруу аркылуу айыл чарба тармагында 29 миң жумушчу орун түзүлөт"- деп белгилеп өттү.
Эскерте кетсек, Казакстанда айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү жылына 165 миллиард (386,4 миллион доллар) теңгени түзөт.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/okolo-30-vodohranilishch-postroyat-v-rk-do-2030-goda