13.04.20

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жума күнү, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кезексиз жыйынында сүйлөп жатып: «Казакстан боордош мамлекеттердин жарандарына ар  тараптуу жардам көрсөтөт. Коңшу өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биз Кыргызстанга жана Тажикстанга 5000 тоннадан ун жардам ирээтинде жөнөттүк» деп билдирди.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кезексиз жыйыны видео-конференция форматында өткөрүлүп, "COVID-19 пандемиясынын таралышын алдын алуу үчүн консолидация жана кызматташуу" темасынын алкагында болуп өткөн болучу.

Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматта,  Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кезексиз чогулушунун күн тартибинде, соода, транзиттик-транспорттук байланыштарды камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө өлкөлөрдүн жарандарына зарыл болгон жардамдарды көрсөтүү маселелери каралган.

Казакстандын президентинин айтымында, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кезексиз жыйыны коронавирустун жайылышы бүт дүйнөгө коркунуч туудурган мезгилде өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп өттү. Анын пикиринде, коронавирус пандемиясын токтотуу үчүн оперативдүү маалымат алмашуу, диагностика жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын түзүү маселелеринде иш-аракеттерди координациялоо керек экендигин билдирди.

Мындан тышкары, Казакстандын президенти коронавирус пандемиясы Түрк Кеңешинин өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерге терс таасирин тийгизип жаткандыгын баса белгилеп, анын кесепеттерин жоюу үчүн биргелешкен иш-аракеттердин планын иштеп чыгууну сунуш кылды.

Эскерте кетсек, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) жыйынына уюмга мүчө болгон  мамлекеттердин лидерлери: Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган,  Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жоомарт Токаев, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев,  Түркмөнстан Республикасынын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Венгрия Республикасынын премьер-министри Виктор Орбан жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус катышкан.

http://kabar.kg/news/kazakhstan-predostavil-kyrgyzstanu-i-tadzhikistanu-gumanitarnuiu-pomoshch/