18.04.20

Түркия Казакстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн жарым тоннага жакын өлчөмдөгү дары-дармектерди гуманитардык жардам катары жиберди. Түркиянын Түрк аба жолдору (THY) авиакомпаниясына караштуу “Turkish Cargo” фирмасына тиешелүү учак, Алматы шаарынын аба майданына келип конгондугун “NUR.KZ”  маалымат агенттиги билдирди.

Учактын ичинде, 430 килограмм өлчөмүндө коронавирус илдети менен ооруган бейтаптарды дарылоодо колдонулуучу “Nobel İlaç” компаниясы өндүргөн антибиотикалык дары-дармектер бар болучу.  Түркиядан келген гуманитардык жардамды кабыл алуу учурунда, Казакстандын Тышкы иштер минстрлигинин Алматы шаарындагы  өкүлчүлүгүнүн башчысы Ерлан Искаков: “Түркиядан келген  гуманитардык жардам биринчи жолу гана келген жок. Буга чейин, Түркия бизге эки ирет гуманитардык жардам жиберген болучу, бул үчүнчү ирет берилип жаткан жардам болуп эсептелет” - деп билдирди.

Түркиянын Алматы шаарындагы Генералдык консулу Али Рыза Акынжы: “Бул дары-дармектер коронавирус илдети менен ооруган бейтаптарды дарылоого жумшалат. Түркия өкмөтүнүн демилгеси менен ушундай жардам көргөзүлүп отурат. Түркия мамлекети, бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн 35 өлкөсүнө гуманитардык жардам көргөздү. Мен Казакстандын калкына жана жалпы дүйнө элине, тезинен ушул илдетти жеңип чыгуусуна тилектешмин. Менимче, биз кыйынчылыкты жакынкы убакта жеңип чыгабыз” - деп белгилеп өттү.

https://www.nur.kz/1851545-samolet-s-gumanitarnoj-pomosu-iz-turcii-prizemlilsa-v-almaty-foto.html