20.04.20

Түркиялык “ASELSAN” компаниясы жана Казакстандын ортосунда, аралыктан башкарылуучу  “SARP DUAL” системасына байланыштуу жаңы келишимге кол коюлду.

“ASELSAN” компаниясы тарабынан иштелип чыккан, бул “SARP DUAL” системасы, ар түрдүү конфигурациядагы жана калибрдеги аралыктан башкарылуучу система, деңизде жана кургактыктыкта дагы колдонулат. Бул аскердик система, дүйнөнүн 20 ашык өлкөлөрүндө колдонулат.

Казакстанда түзүлгөн, ASELSAN компаниясына тиешелүү болгон, “Kazakhstan ASELSAN Engineering (KAE)” компаниясы, Казакстандын “SARP DUAL” системасына болгон аскердик жана граждандык керектөөсүн  максималдуу түрдө камсыз кылуу үчүн арбын өндүрүүгө бардык аракеттерин жасоодо.

Эскерте кетсек, “ASELSAN” Түркиянын Коргоо министрлигине тиешелүү компания болуп эсептелет. “ASELSAN” коммуникациялык, информациялык технологиялар, радарлар, радиоэлектроникалык каражаттар, аралыктан башкаруучу системалар, кара жердеги жана деңизде колдонулуучу куралдарды, абадан коргонуучу ракеталарды чыгаруучу ири компания болуп эсептелет.

https://www.iha.com.tr/ankara-haberleri/aselsan-orta-as.yadaki-faaliyetlerini-artiriyor-2585225/