15.04.20

Казакстандын Костанай облусунда жайгашкан автомобиль өндүрүүчү, эң ири  “СарыаркаАвтоПром” заводунун жумушчулары коронавирус илдетине карабастан суткасына 3 ирет алмашуу менен иштеп башташты. Бул тууралуу, Казакстандын Индустрия жана  инфраструктуралык өнүгүү министри  Бейбут Атамкулов билдирди.

Белгилей кетчү нерсе, “СарыаркаАвтоПром” автомобиль заводу, ушул жылдын биринчи кварталында 9.694 даана унаа (2019-жылы  3.328 даана ) өндүргөн. Бул көрсөткүч, өткөн жылдын ушул эле мезгилине  салыштырмалуу 291% пайызга көптүк кылат. Завод 2020-жылга карата, 50.000 даана автомобиль өндүрүүнү пландап жатат.

Мындай жогорку көрсөткүчкө жетүүдө “JAC”, “Hyundai” жана “Chevrolet” маркасындагы автомобилдерди өндүрүүнү ишке ашыруу менен жетишилди. Казакстанда өндүрүлүп жаткан автомобилдердин ичинен, “Chevrolet” “Damas” жана  “Labo” маркасындагы унаалар, чакан жана орто ишкердик менен алектенген жарандардын товарларын ташып жеткирүүдө өтө ыңгайлуу транспорт каражаты болуп чыкты. Мындан тышкары, бул маркадагы унаалар шаарлардын көчөлөрүн дезинфекциялоо иштеринде дагы кеңири пайдаланылып жаткан чагы.

Казакстан 2020-жылы  26.000 даана  “Chevrolet” маркасындагы унааларды чыгарууну пландап жатат жана анын тең жарымын экспортко чыгарууну көздөшүүдө.

Эскерте кетсек, өткөн 2019-жылдын 28-март күнү, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Маминдин катышуусу менен “Chevrolet” маркасындагы автомобилдерди  өндүрүү иштери башталган болучу.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/kostanaiskie-mashinostroiteli-usilili-rezhim-raboti-v-3-smeni--miir-rk