21.04.20

Казакстан Республикасынын өкмөт башчысы Аскар Мамин 21-апрель күнү, видео байланыш аркылуу өкмөт мүчөлөрү менен жыйын өткөргөн.

Аскар Мамин, өкмөт мүчөлөрү менен “Нурлы жол” мамлекеттик программасынын алкагында, 2025-жылга чейин өлкөнүн транспорттук жана коммуникациялык түйүндөрүн модернизациялоо жана кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүндө, беш жыл аралыгында өлкөнүн унаа жол тармагы толугу менен баардык талаптарга жооп берген деңгээлге жеткирилиши керек деп белгиленди өкмөт башчысы.

Өнүгүүнүн концепциясына ылайык, буга чейин колдонулуп келген улуттук маанидеги 21 миң жана аймактык маанидеги 27 миң чакырым жолдор узартылып реконструкцияланат. Өкмөт башчысынын айтымында, бул жумуштарды ишке ашыруу үчүн, ата мекендик жана чет элдик компаниялардын катышуусунда 112 инженердик долбоор иштелип чыккан. Курулуш иштери башталганда, 550 миң жумушчу орундары түзүлмөкчү.

Өкмөт башчысы, Казакстандын жаңы тарыхында мындай эбегейсиз зор жумуш биринчи жолу ишке ашырылып жаткандыгын баса белгилеп келип: “Үстүбүздөгү  жылы гана биздин автоунаалар Караганда - Балхаш - Капшагай, Калбатау - Майкапшагай, Үшарал - Достык, Актобе - Астрахань сыяктуу стратегиялык мааниси бар автомагистралдар менен каттоого мүмкүнчүлүк алышты” – деп билдирди.

Мындан тышкары, Аскар Мамин өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жана өркүндөтүү өтө маанилүү экендигин белгиледи. Ошондой эле, 2020-жылы Чымкент шаарынын аэропортунун жүргүнчүлөр терминалын жана Түркстан шаарындагы эл аралык аэропорттун курулушун аяктоо милдетин тапшырды.

https://centralasia.news/6527-karta-dorog-kazahstana-budet-rasshirjatsja.html