24.04.20

Казакстандын Алматы шаарында, коронавирус илдетине каршы, Австриялык технология менен  курулган оорукана пайдаланууга берилди.  Жаңы оорукана Алматы шаарынын өнөр жай аймагында жайгашкан.

Ооруканада  атайын абаны  желдетүүчү өзгөчө технологиясы колдонулуп, медицина кызматкерлерин инфекциядан коргоого жардам берет. Таза абанын кубаттуу агымынын натыйжасында, имараттын ичиндеги кооптуу деп эсептелинген кир аба тынымсыз тазаланып турат.

Мындан тышкары, медициналык кызматкерлер үчүн “кир” жана “таза” зоналардын ортосунда атайын тосмо коюлган. Оорукана 280 бейтапка эсептелип салынган. Бардык палаталар эң керектүү болгон керебеттер, дарылоо үчүн шаймандар жана тамактануучу жайлардан турат. Палатанын ар биринде, өзүнчө душ алуучу  бөлмөлөрү дагы бар.

Келген бейтаптарга диагноз коюу жана атайы убактылуу изоляцияга  алуу үчүн 10 даана палата  курулган.

Оорукана  ар бирине 14 адамдан бата турган эки реанимациялык бөлүмдөр менен жабдылып, зарыл болгон учурда, алардын санын көбөйтүүгө болот. Реанимация өпкөнү жасалма дем алдыруучу   жабдыктары менен жабдылган.

Жаңы оорукананын башкы дарыгери Магаз Мукашев айтымында, ооруканада 200 жакын медицина кызматкерлери иштешет. Алардан тышкары, ыктыярчылар дагы иштешмекчи.

https://www.nur.kz/1852575-postroennyj-za-15-dnej-gospital-dla-pacientov-s-koronavirusom-otkryli-v-almaty-foto.html