25.04.20

Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин 24-апрель күнү, видео-конференция түрүндө мамлекеттик комиссиянын жыйынын өткөрдү.

Казакстандын Экономика министрлиги коронавирус илдетине каршы киргизилген чектөөлөрдөн улам, өлкөдөгү стратегиялык ишканаларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү үчүн алардын тизмесин тактап чыккан. Аларга: Өнөр жай, курулуш, транспорт, отун-энергетика жана тоо-кен өнөр жай тармактары кирет.

Казакстандын Экономика министри Руслан Даленовдун маалыматына ылайык, тизмеге жалпысынан 361 ишкана киргизилген. Бул ишканаларга мамлекет кредит берүү, салык төлөмдөрүн кийинкиге калтыруу, кредит алууда жеңилдиктерди берүү сыяктуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жаатында колдоо көрсөтөт.

Ал эми, жогорудагы мамлекет тарабынан жеңилдиктерди алган ишканаларга, кызматкерлеринин жумуш ордун сактоо маяна акыларын үзгүлтүксүз убагында төлөп туруу, милдеттери жүктөлдү.

https://centralasia.news/6550-kazahstanskij-jekonomicheskij-sektor-budet-modernizirovan.html