05.05.20

Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин, Караганда облусуна жасаган иш сапары учурунда, “Сарыарка” эркин экономикалык аймагында жайгашкан, “Yutong” маркасындагы автобустарды жана анын жабдууларын чыгаруучу заводдун долбоору менен таанышып чыкты. Бул тууралуу, Kazpravda.kz маалымат агенттиги облустук акимчиликтин басма сөз кызматына шилтеме жасап жазып чыкты.

Басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Автобус куруучу ишкананы, мурунку резина буюмдарын чыгаруучу заводдун аймагында ачуу пландалууда. Премьер-министрдин катышуусунда, жергиликтүү акимчиликтин жана  инвесторлордун ортосунда жаңы заводду түзүү боюнча келишимге кол коюлду. Ошондой эле быйыл биринчи автобусту чыгаруу пландаштырылууда” - деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы ишкананы куруу үчүн  тартылган инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 23 миллиард теңгени (54,6 миллион доллар) түзөт.

Караганды облусунун акимчилигинин басма сөз кызматы: “Автобус чыгаруучу завод ишке кириши менен 1.100 жумуш оруну түзүлөт. Заводдун долбоорго ылайык, жылдык кубаттуулугу 1.200 даана автобус жана 500 даана адистештирилген унаалар чыгарылмакчы. Продукция өлкөнүн ичинде сатылат, ошондой эле жакынкы чет өлкөлөргө экспорттоо мүмкүнчүлүгү дагы  бар. Андан тышкары, Караганды облусунда жайгашкан жогорку окуу жайларында автомобиль куруу иштери боюнча, адистерди даярдоо иштери күтүлүүдө. Автобус чыгаруучу заводун түзүүдө, сырткы инвесторлордон тышкары, Караганды облусунун акимчилиги, Казакстандын Өнүктүрүү Банкы  жана Сарыарка корпорациясынын катышуусу жана колдоосу менен жүргүзүлүүдө" - деп билдирет.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/zavod-po-proizvodstvu-avtobusov-i-spetstehniki-otkrout-v-karagandinskoi-oblasti