27.05.20

Казакстан Республикасынын Энергетика министри Нурлан Ногаев, өлкөнүн Кашаган кенинде газды кайра иштетүүчү завод курула тургандыгын билдирген. Бул тууралуу, «Казинформ» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Министрдин айтымында, 2022-жылга чейин Кашаган кенинде мунай өндүрүүнү күнүнө 450 миң баррелге чейин жеткирүү максатында иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле газды кайра иштетүүчү заводду куруу жана компрессорлорду модернизациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Нурлан Ногаев, айтымында, Кашаган кенинин экинчи “жол картасы” даярдалып жатат. Анын негизинде, кубаттуулугу 1 миллиард кубометрге жеткен, газды кайра иштетүүчү завод курулмакчы. Мындан тышкары, “жол картасы” алкагында жылына кошумча 8 миллион тонна мунай затын казып алууга багытталган иштер жасалмакчы.

Казакстандын Энергетика министри Нурлан Ногаев: “2019-жылы, газдын конденсатынын жана мунайдын экспортунун көлөмү 72,2 миллион тоннаны түзсө, быйыл 67,5 миллион тоннаны түздү. Атырау облусундагы Теңгиз кенинде, болжол менен 45,2 миллиард долларга бааланган нефтини казып алуу боюнча долбоор ишке ашырылууда. Кенден биздин ала турган үлүшүбүз % 36 пайызды түзөт, башкача айтканда, 16 миллиард доллар акча каражатына барабар. Курулуш иштерине, металдык конструкцияларды даярдоо жана башка жумуштарга 230 жакын ата мекендик ишканалар тартылган. Долбоор аяктагандан кийин, жылына кошумча 12 миллион тонна мунай өндүрүү күтүлүүдө” - деп белгилеп өттү.

https://lenta.inform.kz/ru/na-kashagane-postroyat-gazopererabatyvayuschiy-zavod_a3654981