31.05.20

Кытай Өзбекстандан товарларды импорттоо жагынан үчүнчү орунга түшүп, анын ордун Казакстан (экинчи орунду) ээледи.

Ошол эле учурда, Россия Өзбекстандан товар импорттоо боюнча лидер бойдон калууда. Бул тууралуу, “Учурдагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаалдан кийинки, Евразия экономикалык биримдигине мүчө (ЕАЭБ) өлкөлөрдүн соода-экономикалык мамилелеринин өнүгүү перспективалары” аттуу эл аралык видеоконференция учурунда, Өзбекстан Республикасынын Казакстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Саидикрам Ниязходжаев билдирди.

Саидикрам Ниязходжаев: “Мен күн сайын, Өзбекстан менен Казакстандын жана биздин стратегиялык өнөктөш өлкөлөрдүн ортосундагы соода алакаларын талдап келем. Бүгүнкү күндө, Россия Федерациясы Өзбекстандын товарларын импорттоо жагынан биринчи орунда турат деп айта алам. Казакстан экинчи орунда, Кытай болсо үчүнчү орунда турат. Ошол эле учурда, Өзбекстанда ишканалар арасында ички атаандаштыкты күчөтүү боюнча иш-чаралар активдүү иштелип чыгууда. Бул Өзбекстандын экономикасын, анын ичинде экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн андан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү болуп эсептелет” -деп билдирди элчи мырза.

Президент Шавкат Мирзиёев 30-май күнү, Өзбекстандын дүйнөлүк экономика менен алакасы барган сайын күчөп бараткандыгын, бул ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну талап кыла тургандыгын белгиледи.

Жылдын биринчи чейрегинде, Өзбекстандын негизги соода өнөктөштөрү Россия (жалпы соода көлөмүнүн 16,9%), Кытай (16,8%), Казакстан (8,3%), Түштүк Корея (6,7%) жана Түркия (5,8%) өлкөлөрү болгон.

https://m.uz.sputniknews.ru/economy/20200529/14243968/Kitay-ustupil-Kazakhstanu-vtoroe-mesto-po-eksportu-uzbekskoy-produktsii.html?mobile_return=no