01.06.20

Казакстан менен Өзбекстан темир жол аркылуу жүк ташууда тарифтерди төмөндөтүүнү макулдашты. Бул тууралуу, “zakon.kz” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Өзбекстандын Казакстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Саидикрам Ниязходжаев: “Бүгүн, Өзбекстан жана Казакстандын тийиштүү кызматтары темир жол транспорту үчүн алынуучу тарифтерге %50 пайыздык жеңилдик берүү жөнүндө келишимге кол коюшту. Башкача айтканда, бул маселелер эки тараптуу деңгээлде толук иштелип чыгып ушундай чечим кабыл алынды” - деп билдирди.

Элчи мырза Саидикрам Ниязходжаев бул пикирин, “Учурдагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаалдан кийинки, Евразия экономикалык биримдигине мүчө (ЕАЭБ) өлкөлөрдүн соода-экономикалык мамилелеринин өнүгүү перспективалары” аттуу эл аралык видеоконференция учурунда, сөз сүйлөп жатып  билдирген болучу.

Анын айтымында, тараптар Афганистандагы темир жол транспорту үчүн тарифтерди төмөндөтүү маселеси боюнча дагы  иштеп жатышат.

Ошондой эле, элчи бүгүн жемиш жана жашылча продукцияларын кайра иштетүү боюнча үч тараптуу, Россия-Казакстан-Өзбекстан биргелешкен ишканасын түзүүнү караштыруу керектигин белгиледи.

https://www.zakon.kz/5025096-kazahstan-i-uzbekistan-dogovorilis-na.html