09.06.20

Казакстан Түркияга болгон, аба каттамдарын июнь айынын аягында баштоону пландап жатат. Бул тууралуу, өкмөттүн жыйынында Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбут Атамкулов билдирди.

Бейбут Атамкулов: “Эл аралык каттамдарды акырындык менен калыбына келтирүүнү пландаштырып жатабыз. Ушул жылдын июнь айынын аягында, Казакстан менен Түркия ортосунда эл аралык аба каттамдарды ачууну пландап жатабыз. Келечекте эпидемиологиялык кырдаал жакшырганда, башка өлкөлөр менен дагы эл аралык каттамдарды калыбына келтиребиз” - деп билдирди.

Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри кошумча ирээтинде, 1-майдан тарта Нур-Султан жана Алматы, ошондой эле өлкөнүн жыйырмадан ашык шаарларынын ортосундагы аба каттамдары этабы менен калыбына келтирилип иштеп жаткандыгын билдирди. Мындан тышкары, 1-июндан тарта жүргүнчүлөрдү ташыган поезддердин дагы иш графиги мурдагы  калыбына келтирилгендигин маалымдап өттү.

https://www.kazpravda.kz/news/obshchestvo/kogda-kazahstantsi-smogut-poletet-v-turtsiu