12.06.20

Казакстан биофармацевтикалык вакцина чыгаруучу заводдун курулушун баштады. Завод Жамбыл облусунда караштуу Кордай районунда курулмакчы. Бул тууралуу, Казакстан  өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Биофармацевтикалык завод иммунобиологиялык дары каражаттарын, эл аралык стандартка (GMP) ылайык өндүрөт. Өндүрүлө турган дары дармектердин ичинде, коронавирус илдетине каршы вакцина дагы бар. Учурда, Казакстандын Илимий изилдөө институту тарабынан коронавирус илдетине каршы иштелип чыккан вакцина, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) тизмесине киргизилип жана клиникалык сыноолордон ийгиликтүү өтүп жатат.

Ошондой эле, завод коронавирус илдетинен тышкары, кургак учук, бруцеллез, дерматит, малдын жугуштуу оорулары болуп эсептелген чечекей, кутурма жана башка жугуштуу ооруларга каршы вакциналарды дагы өндүрмөкчү.

Курулуш иштерин 2020-жылдын  декабрь айында бүтүрүү жана жыл сайын 60 миллион доза дары-дармектерин чыгаруу пландаштырылууда.

https://primeminister.kz/ru/news/vakcinu-protiv-koronavirusa-budut-proizvodit-v-zhambylskoy-oblasti-a-mamin-dal-start-stroitelstvu-zavoda-1251256