12.06.20

Түркия менен Казакстан соода экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана соода жүгүртүүнү 4 миллиард долларга жеткирүү  мүмкүнчүлүктөрү бар.

Бул тууралуу, Анкаранын Өнөр жай палатасынын төрагасы Нуреттин Оздебир мырза, Казакстандын Анкарадагы элчилиги жана «KazakhInvest» улуттук инвестициялык агенттиги менен биргеликте уюштурган “Казакстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр” темасында болуп өткөн видео конференция учуруна билдирди.

Нуреттин Оздебир мырза,  Түркия боордош жана бир тууган Казакстан менен ар тараптуу өнүгүүгө жана кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендигин баса белгилеп айтып өттү.

Нуреттин Оздебир:  «Казакстандын мунай, газ, тоо-кен, курулуш жана өнөр жай тармактарына, Түркиянын инвестициясынын көлөмүн кеңейтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 3 миллиард долларды түзөт.  Бул, албетте, жетишсиз жана биздин өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүгү албетте мындан бир кыйла жогору», - деп билдирди.

Мындан тышкары, Анкара Өнөр жай палатасынын төрагасы, Түштүк Казакстан облусунун бийлик өкүлдөрү менен биргеликте, Чымкент шаарында өнөр жай аймагы түзүлгөндүгүн айтып өттү.

Казакстандын Анкарадагы элчиси Абзал Сапарбекулы, Түркияны Казакстандын маанилүү стратегиялык өнөктөшү деп атады. Дипломат бүгүнкү күндө, Казакстандын экономикасынын ар кайсы тармактарында 2,5 миңге жакын Түркиялык компаниялар иш алып барып жатышкандыгын белгиледи.

Абзал Сапарбекулы: «Казакстан, Түркия үчүн Кытайдын, Россиянын жана Борбордук Азиянын базарларына ачылган терезенин кызматын аткарат. Учурда, 2021-жылга карата эки өлкөнүн ортосундагы, товар жүгүртүүнү 4 миллиард долларга жеткире турган жаңы долбоорлорду ишке ашырууга даярдыктар жүрүп жатат. Казакстанга Түркиялык ишкерлерди чакырабыз. Биздин өлкөдөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдөн  пайдаланыңыздар» - деп билдирди.

https://www.aa.com.tr/ru/экономика/турция-и-казахстан-могут-довести-товарооборот-до-4-млрд-/1874556