18.06.20

2020-жылдын январь-апрель айларында, Казакстандын  жана  Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүү 5685,9 миллион долларды түздү. Бул тууралуу, «Казинформ» маалымат агенттиги, Казакстан Республикасынын Статистикалык комитетинин билдирүүсүнө таянып  жазып чыкты. Акыркы убактарда, коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам,  Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүү бираз төмөндөп кеткен.

Статистикалык комитет тараткан маалыматта: «2019-жылдын январь-апрель айларына салыштырганда, бул жылы ушул эле мезгил ичинде товар жүгүртүү 9,3% пайызга азайган, анын ичинде экспорт 1660,6 миллион доллар (16,5% пайызга кыскарган), импорт  4,079,3 миллион доллар (6,1% пайызга) төмөндөгөн» - деп айтылат.

Ведомствонун маалыматы боюнча, Казакстан Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү, Россия Федерациясы  менен 92,6% пайыз, Кыргыз Республикасы  менен 3,9% пайыз, Беларусь Республикасы менен 3,4% пайыз, Армения Республикасы  менен 0,1% пайызды түзгөн.

https://www.inform.kz/ru/na-5-6-mlrd-natorgoval-kazahstan-so-stranami-eaes-v-yanvare-aprele_a3663037