23.06.20

Казакстандын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлиги өлкөнүн геологиялык чалгындоо иштерине, ири чет элдик инвесторлорду тартуу үчүн маркетинг стратегиясын иштеп чыгууну пландаштырууда. Бул тууралуу, аталган министрликтин башчысы Магзум Мирзагалиев өзүнүн “Twitter” баракчасында жазып чыккандыгын «Казинформ» маалымат агенттиги билдирген.

Министрдин айтымында бүгүнкү күндө, Казакстандын жалпы казылып  алына элек мунай ресурстарынын көлөмү 76,4 миллиард тоннага жетет. Өзгөчө, 15 даана  мунайдын кайнагы бар, аларды дагы  изилдеп чыгуу керек.

Казакстандын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Магзум Мирзагалиев: «Өлкөнүн геологиялык чалгындоо иштеринин стратегиялык милдеттеринин бири, бул жаңы кендерди  таап жана аны казып алуу үчүн инвестиция тартуу болуп эсептелет. Биз көз карандысыз аналитика жана натыйжалуу стратегияларды иштеп чыгуу боюнча лидер «IHS Markit» компаниясы менен өлкөнүн геологиялык чалгындоо иштерине, ири чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу үчүн маркетинг стратегиясын иштеп чыгуудабыз. Ошондой эле ири дүйнөлүк көргөзмөлөргө катышып “road-show” уюштуруп, инвестор тартуу жана өлкөнүн инвестициялык жана геологиялык потенциалын көрсөтүүнү пландап жатабыз», - деп билдирген.

Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министринин айтымында, инвестицияларды тартуу заманбап технологиялар менен комплекстүү чалгындоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары,  жаңы кендин кайнактарын  табууга, жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

http://kabar.kg/news/kazakhstan-nameren-privlech-krupnykh-inostrannykh-investorov-v-geologorazvedku/