14.07.20

Казакстандын Айыл чарба министрлиги жылкы этин   Японияга экспорттоп баштамакчы. Бул тууралуу, “Kazpravda.kz” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Буга чейин, Япониянын рыногуна жылкы этин экспорттоо боюнча көптөгөн даярдыктар көрүлгөн болучу. Казакстандын Айыл чарба министрлиги жана Ветеринардык көзөмөлдөө комитети, 2018-жылы өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү максатында, Япониялык кесиптештерине өтүнүч катын жиберишкен болучу. Өтүнүч катында,  Казакстандык фермерлер менен ишкерлер, Японияга жылкы этин экспорттоого кызыкдар экендигин билдиришкен.

Узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, Япониянын Айыл чарба, токой чарбасы жана балык чарбасы министрлиги, Казакстанда өндүрүлгөн жылкы этин, Японияга  экспорттоо үчүн ветеринардык сертификатын берүүгө макулдугун берген. Япония тарап, жылкынын этин импорттоого гана эмес тирүү жылкыларды  да сатып алууга кызыкдар экендигин билдирген.

Эскерте кетсек, буга чейин Канада өлкөсү жылкынын этин Японияга экспорттоп келген. Японияда жылкынын эти, илгертен бери деликатес катары эсептелип келет. Жылкынын кабырга эти, өзгөчө даамдуулугу менен жогору бааланат.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/yaponiya-nachnet-zakupat-koninu-iz-kazahstana-dlya-proizvodstva-tsennih-delikatesov