23.07.20

Казакстандын өкмөтү, Өзбекстанга гуманитардык жардам көрсөтөт. Тиешелүү буйрукка Казакстандын премьер-министр Аскар Мамин кол койду. Бул тууралуу, zakon.kz маалымат агенттиги жазып чыкты.

Гуманитардык жүк азык-түлүк товарларын камтыйт, атап айтканда, 600 тонна буудай уну, 250 тонна гречка, 100 миң литр өсүмдүк майы жана 50 миң консерваланган сүт түзмөкчү.

Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигине, гуманитардык жүктөрдү Өзбекстанга  жеткирүүнү камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

https://centralasia.media/news:1634210