05.09.20

Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин 5-сентябрь күнү, өпкөнү жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппараттарын өндүрүүчү ишканага таанышуу үчүн барды.

Азыркы учурда, өтө зарыл болуп турган медициналык аппараттарды, аскердик продукция чыгарган «Казахстан Аселсан инжиниринг» ишканасынын базасында өндүрүлө баштады. Бул тууралуу, өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Өлкөнүн ичинде, алгачкы ирет өндүрүлүп жаткан өпкөнү жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппараттары,  Нур-Султан шаарында жайгашкан клиникалык борборунда биринчи сыноолордон ийгиликтүү өттү. Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги, аппараттын баардык стандарттарга жана талаптарга жооп бере тургандыгын билдирген. Аппарат чоң адамдарды жана кичине балдарды дагы дарылоодо эффективдүү экендиги айтылат.

Мамлекетик буйрутмага ылайык, сентябрь жана октябрь айларында 1500 даана аппаратты өндүрүп аймактардагы ооруканаларга бөлүштүрүп берүү пландалган.

Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин, өпкөнү жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппаратын чыгарган ишкананын иши менен таанышып чыккан соң, өлкөнүн баардык ооруканаларын аппараттар менен камсыз кылуу талабын койду.

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын буйругу менен 2 айдын ичинде Түркияда жасалган “Биосис” аттуу жасалма дем алдыруучу аппарат, 2020-жылдын 2-март күнү өлкөдөгү бүт ооруканаларга таркатыла баштаган.

Аппараттын Казакстандагы өндүрүүчүсү «Казахстан Аселсан инжиниринг» ишканасынын аны чыгарып гана тим болбостон, техникалык жактан тейлөө жана аны иштетүү үчүн кадрларды дагы даярдашмакчы.

https://centralasia.news/7454-kazahstan-nameren-obespechit-svoi-kliniki-apparatami-ivl.html